Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.09.2019 19:02

Ноокенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында спартакиада өтүп жатат

Turmush -  Ноокен районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында «Бийиктикке бирге умтулалы» аттуу облустук спартакиада өткөрүлүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы. Ага район-шаарлардан жалпы 200дөй адам катышып, спорттун кол күрөш, гиря көтөрүү, майып арабада жарышуу, шахмат жана шашки түрү боюнча күч сынашууда.

«Иш-чараны өткөрүүгө өкмөттүн облустагы өкүлүнүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлүнгөн. Спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат», - деди райондун акими Э.Маматаев.

Ал эми «Бирдиктүү багыт» майыптар ассоциациясынын жетекчиси Жумакан Жаркулованын айтымында, спартакиада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында уюштурулду.

«Иш-чара облустук деңгээлде өтүп жатат. Быйыл катышуучулардын саны көп, алар облустун бардык район-шаарларынан келишти. Айрым ата-энелер балдарын 5-класска чейин мектепте окутуп, кийин сабагы үзгүлтүккө учурап калууда. Биз өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен окуу курстарын ачып, аларды бир кесиптин ээси болгонго үйрөтүп жатабыз», - деди ал.

Ноокен районунун 65 жаштагы тургуну Абдулахат Мирхакимов майып арабада жарышууда 1-орунду алды.

«Беш жыл мурун операция болуп, кийин баспай калдым. 3 жыл мурун ажылык сапарга барып, ал жерде 1 чакырым жолду майып араба менен басып өттүм. Буга чейин машыккандыктан бүгүнкү сынакта жеңүүчү болдум», - дейт ал.

Жалал-Абад облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 миңден ашуун жашоочу бар. Алардын 15 миңге жакыны 18 жашка чейин өспүрүмдөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×