Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.09.2019 12:49 На русском

Базар-Коргондо ат сүйрөп кеткен окуучу кыз каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында ат сүйрөп кеткен окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып билдирди.

Маалым болгондой, Бел-Терек айылындагы №34 мектептин 9-классынын окуучусу — 2004-жылы туулган Н.Перизат ат минип бара жатканда жыгылган. Ат үркүп, кызды 800 метрдей сүйрөп кеткен. Жабырлануучу айылдык ооруканага жеткирилген, бирок оор жаракаттын кесепетинен каза болгон.

Райондук билим берүү бөлүмү маалыматты ырастап, кырсык өткөн аптанын ишемби күнү болгонун билдиришти.

«Өспүрүм кыздын туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти», - дешти аталган бөлүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×