Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.09.2019 16:23 На русском

Базар-Коргондо сасык матал өсүмдүгү терилип жатканы боюнча маалымат төгүндөлдү

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты («Өнүгүү-Прогресс») Мирлан Бакировдун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр жайлоосунда сасык матал (лук афлатунский) өсүмдүктөрүнүн терилип жатканы боюнча айткан сөзү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аймактык башкармалыктын башчысы Б.Эрмековдун уруксаты менен сасык матал өсүмдүгү мыйзамсыз терилип жатканы айтылган.

«Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдалануу жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде өсүмдүктөрдү пайдалануу жөнгө салынат. Ал эми өкмөттүн 2012-жылдын 20-февралындагы №123 токтому менен бекитилген «Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жобосуна» ылайык өсүмдүктөр дүйнөсүн жыйнап алууга агенттик тарабынан уруксат берилет. Мамлекеттик агенттиктин алдында лицензиондук-уруксат берүү комиссия тарабынан каралат жана ал атайын өзгөчө корголуудагы бланктын негизинде комиссиянын төрагасы тарабынан берилет.

Берилген уруксат Жалал-Абад аймактык башкармалыгынан каттоодон өтүүсү зарыл. Учурда Жалал-Абад облусунда сасык матал өсүмдүгүн терип жыйноого мамлекеттик агенттик тарабынан уруксат берилген эмес жана Жалал-Абад аймактык башкармалыгынан каттоодон өткөн эмес.

Жалал-Абад аймактык башкармалыгы жобого ылайык өсүмдүктөрдү терип жыйноого уруксат бере албайт. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жетекчилиги токой чарбадан бул өсүмдүк терилбегенин билдирүүдө. Токтогул тараптан терип келип тапшырып жатышыптыр. Токой чарбанын аймагынан башка аймакка биз кийлигише албайбыз. Бул жерде Б.Эрмековдун эч кандай тиешеси жок», - деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Ошондой эле сасык маталды мыйзамсыз терип жыйноо фактысы боюнча тийиштүү органдар териштирип жатканын билдиришип, мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюла турганына ишеним бар экенин белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты «Вега-Плюс» ЖЧКсы өсүмдүктөрдү алып кетип жаткандыгын айткан. Аталган компаниянын директору Бакытбек Зикираев бул ишке алардын тиешеси жок экенин билдирди.

«Биз Базар-Коргон районундагы жеке кампалардан кургатылган доңуз пиязды сатып алып, бажы аркылуу расмий түрдө Иранга жөнөткөнбүз. Ага эч кандай кошумча уруксат берүүчү документтер талап кылынган эмес. Каныбек Чойтоевдин билдирүүсү боюнча учурда биз иштешип жаткан жеке кампалар Экотехинспекция тарабынан бекитилип, биздин фирманы текшерүү жүргүзүлүп жатат. Бул продукцияны чыгарууда бажычылар эч кандай документтерди талап кылбагандыктан бизге дагы Бакыт Эрмеков тарабынан уруксат берүүчү документтер берилген эмес. Мен Каныбек Чойтонов менен Бакыт Эрмековдун мамилеси кандай экенин билбейм, бирок ал ушул кызматтан жакында эле бошотулуптур», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×