Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.09.2019 21:54 На русском

Бишкек—Ош жолунда үч унаа катышкан кырсык бир жигиттин өмүрүн алды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунда үч унаанын катышуусунда жол кырсык катталып, бир адам каза болду.

Маалым болгондой, жол кырсык 23-сентябрда саат 14:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 250-чакырымында катталган. Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган тургуну М.У. чиркегичи бар «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын Оштон Бишкекти көздөй башкарып бара жатып, бурулуштан белгисиз себептерден улам чиркегичи сол капталына жыгылган. Ал сүрүлүп барып, жолдун боюнда токтоп турган «БМВ 520» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Жеңил унаа Сокулук районунун 1973-жылы туулган тургуну Т.Т.га таандык болгон.

Андан кийин жүк ташуучу унаа Ошту көздөй Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.А. башкарып бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен К.у.А. оор жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткенде каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×