Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуКемин району 23.09.2019 15:48

Ээн калган үйдө кумарын кандырууга аракет кылган жигиттен сактанам деген кыздын өлүмү. Сүрөт

Turmush -  Кеминде 20 жаштагы жигит окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип кармалганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген. Окуянын чоо-жайын Turmush басылмасынын кабарчысы тактады.

22-сентябрда болжол менен саат 06:00 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 57 жаштагы жергиликтүү тургун (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал 20-сентябрда үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон 14 жаштагы И.А. аттуу жээн небересин табууга жардам сураган. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам издөө иштери башталган болчу.

Милиция кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө Кеминдеги ээн калган үйдөн жоголгон кыздын жансыз денесин табышты. Кыздын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери болгон. Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кыздын сөөгү табылган жер

Укук коргоо органдары кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кемин районунун Кашкелең айылынын 20 жаштагы К.А. аттуу тургунун кармашты. Шектүү буга чейин дагы кылмыш жообуна тартылганы белгилүү болду.

14 жаштагы маркум кыз Кемин шаарындагы Н.Давлесов атындагы №3 орто мектепте билим алып жаткан. Бул мектептин директору Дилбара Асанкулова: «Биздин мектепке 3-класстан келген. Бул үй-бүлө ички миграциянын агымы менен келишкен эле. Ата-энеси ажырашып, кыз таенесинин колунда тарбияланып жаткан.

Маркум мектепте өтө активдүү болбосо да эч кимге зыяны жок, ортодон жогору окуган кыз болчу. Үйүнөн жөнү жок чыгып же көчөдө кыздар менен мушташкан эмес. Таенесинин тарбиясы менен жакшы жүрчү. Алтургай таенеси мектепке келип: "Менин кызыма катуу айтпагыла. Мен ушул кыз үчүн жашап жүрөм" деп айтып турчу. Мектеп менен кыздын ата-энеси катары таенеси байланышта болгон.

Адатта туугандарында калган балдарды социалдык педагогдор менен бирге өзгөчө көзөмөлгө алып турабыз. Бирок бул кыз андай көзөмөлгө жеткирген жок. Өзүнүн эле тарбиясы жакшы болчу. Анан дагы биздин мектепте аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлө катары катталган эмес. Таенеси кызга керектүү шарттардын баарын түзүп, мектептин бардык иш-чарасынан калтырган жок», - деди.

Черамушка айылынын тургундарынын айтуусу боюнча, маркум төрөлгөнүнө 14 күн болгондо ата-энесинен ажырап, таенесинин колунда калган.

«Бул кыз төрөлгөнүнө 14 күн болгондо таенесинин колунда калган. Апасы менен атасы ажырашып, апасы башка турмуш куруп кетиптир. Таенеси көпчүлүк тургундар катары дыйкандарга жардам берип, акча тапчу. Таятасы 1-2 жыл мурун каза болгон.

Черемушка айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашашат. Ошол тарапта ээн калган үйлөр көп. Ошолордун биринен денеси табылды. Кылмышка шектелген бала темир тордон бошонуп чыкканына бир жума гана болгон экен», - дешти жергиликтүүлөр.

Шектүү

Подозреваемый в убийстве девочки

-----------------------------------------------------------

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 20-сентябрда болжол менен саат 21:30 чамасында шектүү мас абалда өспүрүм кызды Кеминдин бир көчөсүнөн жолуктуруп калат. Ал кызга күч колдонуп, ээн калган үйгө алып барган. Андан кийин жигит кызды зордуктайын дегенде кыз ага каршылык көрсөтөт. Ошондо жигит кызды өлтүрө сабаган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×