Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 23.09.2019 14:51

Кочкор-Атада мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата сынак өткөрүлдү

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата окуучулар жана студенттер арасында сынак өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мелдешке жалпы 7 команда катышты.

«23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата 4 мектеп, 2 колледж жана 1 кесиптик окуу жайдын студенттери, окуучулары арасында «Улут болсоң тилиң менен улутсуң» аттуу сынак өттү. Жыл сайын бул күнү жөө жүрүшкө чыгып же чакан иш-чара уюштурчубуз. Быйыл башкача форматта өткөрүп жатабыз. Катышуучулар 4 шартта күч сынашты. Жеңүүчүлөргө Ч.Айтматовдун томдук китептери жана баалуу белектер тапшырылды», - деди мэриянын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси А.Назарбаева.

Кочкор-Ата шаарында 4 жалпы билим берүүчү орто мектеп бар, анда 4900дөн ашуун окуучу билим алат. Мындан тышкары, 2 колледж, 1 кесиптик лицей бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×