Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 21.09.2019 16:06 На русском

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таласта көк бөрү көрүүгө келген адам каза болду

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Талас шаарындагы Р.Алканов атындагы ат майданда бир адам каза болду. Бул тууралуу аймакты кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 21-сентябрда көк бөрү оюнунун финалдык беттешүүсү өткөн. Ага көрүүчү болуп келген Талас шаарынын тургуну тооктун этинен жасалган шишкебек жеп жатып каза болгон.

Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташып: «Жергиликтүү тургун тамакка какап каза болгон. Милиция кызматкерлери тез жардам кызматын чакырып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн», - деп билдиришти.

Ал эми Талас облустук ооруканасынан жабырлануучу ооруканага түшпөгөнүн билдиришти.

«Ал адам ордунда каза болгондуктан бизге жеткирилген жок. Учурда анын өздүгү такталууда. Ат майдандын жанында көптөгөн боз үйлөр тигилип, түрдүү тамак-аштар сатылып жатат. Жабырлануучу тооктун этинен жасалган шишкебек жеп жатып, жарымы тамагына такалып калып каза болгон», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×