Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.09.2019 12:08

Сүрөт — Он жети гана окуучу билим алган Кыргызстандагы мектеп

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш айылындагы №7 Бекмырза Мамытов атындагы башталгыч мектепте 17 окуучу билим алып, 3 мугалим эмгектенет. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жаңы окуу жылында мектепте биринчи жолу орус класс ачылды.

«Буга чейин мектепте орус класс болгон эмес. Быйыл биринчи жолу ачылды. Анда 8 окуучу билим алууда. Эгер жаңы класс ачылбаганда мектеп жабылып калуу коркунучунда эле. Анткени жылдан-жылга балдарын орус класска берген ата-энелердин саны өсүүдө. Мектепте орус класс жоктугунан ата-энелер балдарын шаардагы мектептерден окутушчу. Учурда 1-класстын окуучулары орус тилинде, 2-3-4-класстардын окуучулары кыргыз тилинде билим алып жатышат. Мектепте жалпы 17 окуучу билим алып, 3 мугалим эмгектенет», - деди ал.

А.Мырзалиева белгилегендей, №7 Бекмырза Мамытов атындагы башталгыч мектептин имараты 1967-жылы 60 окуучуга ылайыкташтырылып курулган. Учурда 3 класстык бөлмө, ашканасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×