Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.09.2019 18:17

Аксыда сот аткаруучу жол кырсыкка кабылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сот аткаруучу кырсыкка кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 9-сентябрда саат 22:00 чамасында Кербен шаарында катталган. А.С. аттуу жаран өзүнүн «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен негизги жолго чыкканда аны «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен А.С. жабыркап, Аксы райондук ооруканасына жеткирилди. Жабырлануучу Ала-Бука райондук сотунун сот аткаруучусу экендиги аныкталган.

Аксы аймактык ооруканасынан 1989-жылы туулган А.С. ооруканада жатканын ырастап, ал башынан жаракат алганын жана абалы орто экенин билдиришти.

Ал эми «Мазда Демио» унаасынын айдоочусу мас абалда экени аныкталып, унаасы айып короого киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×