Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.09.2019 09:44

Түнкү клубдун жанындагы мушташ: Дагы экөө кармалып, 4 шектүү эки айга камалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Дина» түнкү клубунун жанында болгон мушташка тиешеси бар делип дагы эки шектүү кармалып, бардык 4 шектүү эки айга камакка алынды, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жаңы ачылган «Дина» түнкү клубунун жанында Базар-Коргон районунун 1993-жылы туулган тургуну Б.М.ди бейтааныш жигиттер пикир келишпестиктен улам зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алышкан. Б.М. денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-жылы туулган тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 айга камакка алынган.

11-сентябрь күнү тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын квалификациясы КРнын ЖКнын 266-беренесинен (Ээнбаштык) 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 2-бөлүмүнүн 1-3-бөлүмдөрүнө өзгөртүлгөн. 12-сентябрда бул окуяга тиешеси бар делип Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Т.У. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Окуянын дагы бир катышуучусу — Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну С.А. аталган окуяда жаракат алдым деп Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына дарыланууга жаткан. 13-сентябрда саат 20:00 чамасында Сузак райондук сотунун судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу болуп тандалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Буга чейин кээ бир ЖМКлар окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн арасында учурда иштеп жаткан Сузак районундагы айыл өкмөт башчынын уулу бар экен деген маалымат таратышкан. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкердин шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Дина» түнкү клубунун жанында болгон жаңжалдан кийин эки жигит кармалганы маалымдалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×