Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 12.09.2019 15:20

Майлуу-Сууда ден соолугунан жабыркаган карыяга мигранттар үй куруп жатышат

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында ден соолугунан жабыркаган карыяга чет жерде эмгектенген мигранттар үй куруп жатышат. Бул тууралуу демилгелүү жаштар тобунун мүчөсү Мирбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерине Россиянын Сахалинск облусунда эмгектенген мекендештер 50 миң сомдон ашуун каражат чогултуп беришкен.

«Көк-Таш айыл аймагында көп жылдардан бери ооруп жаткан 80 жаштагы Кайназаров Карымшак аттуу аксакал бар. Үйдө кемпири, кызы жана небереси болуп жашашат. Аксакал ден соолугунун абалына байланыштуу төшөктө жатат. Ошол себептен Майлуу-Суу шаарынын жаштары биригип, каражат топтоп, үй куруп берүүнү туура көрдүк. Азырынча пайдубалын толук куруп бүттүк, буйруса 2-3 күн аралыгында дубалын көтөрөбүз.

Биздин аткарып жаткан ишибизди көргөн мекендештер курулуш материалдарын алып беришип, айрымдары акчалай колдоо көрсөтүп жатышат. Пайдубалын куюп жаткан учурда эки сатуучу 1 тоннадан ашык цементти акысыз беришти, дагы бирөөлөр шиферин алып беребиз деп жатышат. Азырынча суук түшкөнгө чейин үйдү толук бүтүрүп, аксакалдын үй-бүлөсүн кубантабыз деген тилегибиз бар», - деди М.Абдыкадыров.

Ушул жылдын май айында Көк-Таш айылындагы №7 мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү Карымшак аксакалдын үйүнө 6 тонна суу батчуу кудук куруп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×