Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 12.09.2019 11:13

Суусамырда кар жаап, токтогулдук малчыларды көчүрүп келүү иштери жүрүп жатат

снег, суусамыр
снег, суусамыр

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндө кар жаап койгондуктан токтогулдук малчыларды көчүрүп келүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-сентбярда аба ырайы бузулуп, кар калың жааган Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал-жандыктары менен калган. Чабандарды көчүрүп келүү максатында ӨКМден 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 кызматкер тартылып, 5 чабанды мал-жандыктары менен аман-эсен коопсуз жайга жеткиришкен. Чабандарды көчүрүү иш-чаралары бүгүн дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×