Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.09.2019 10:16

Аксыдагы жайлоодо калың жааган кардан улам малчыларды көчүрүп келүү аракеттери көрүлүп жатат

Turmush -  10-сентябрда Аксы районундагы жайлоодо калың жааган карда калган малчыларды көчүрүп келүү аракеттери көрүлүп жатат.

Маалыматка караганда, 10-сентябрь күнү аба ырайы бузулуп, кар калың жааган. Анын кесепетинен малчылар Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Кум-Бел, Миң-Бугу жайлоолорунда мал-жандыктары менен калышкан. Чабандарды көчүрүп келүүгө ӨКМдин 6 куткаруучусу, ИИМден 4 кызматкер, токой чарбадан 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган. Азыр алар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×