Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.09.2019 12:17 На русском

Уктап кеткен айдоочу талкаланган унаасында ойгонду. Видео

Кадры с места ДТП на дороге Бишкек-Ош
Кадры с места ДТП на дороге Бишкек-Ош
// Turmush

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда унаа башкарып бара жаткан айдоочу уктап кетип, 3-4 метр тереңдиктеги чуңкурга түшүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ош—Бишкек унаа жолунун 553-чакырымында, тактап айтканда Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында кечээ, 10-сентябрь күнү Бишкек шаарынан Ош облусун көздөй бара жаткан «Хонда Степвэгон» унаасынын айдоочусу уктап кетип, унаасы менен жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен унаа 3-4 метр тереңдиктеги чуңкурга кулаган.

Маалыматты жол кыймылынын коопсуздугун камсыздооо кызматынын кызматкерлери да тастыктады. Алардын маалыматына караганда, унаанын ичинде 3 жүргүнчү болгон. Окуя күндүз саат 13:00 чамасында болуп, жабырлануучулар райондук ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу.

Унаанын айдоочусу Кара-Балта шаарынын М.Ш. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал эми жүргүнчүлөр Кызыл-Кыя шаарынын тургуну С.М., Тажикстандын тургуну К.А. жана Ош шаарынын тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×