Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.09.2019 17:51 На русском

Жеке турмушун жашырган Алайчы атаны жыл сайын көрүстөндөн жалгыз көрүүгө болот. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун Арал айыл өкмөтүнө караштуу Долон айылынын четиндеги көрүстөнгө жалгыз келип, жыл сайын жумуш жасап жүргөн адамды көрүүгө болот. Ал жума күндөрү жеңил унаасы менен Долон көлүнөн 5 литрлик желим идиштерге суу толтуруп, аны менен көрүстөндөгү өзү тиккен бак-дарактын көчөттөрүн сугарат. Аймактык кабарчы ал киши менен таанышты.

Өзүн Сагынбаев Алайчы Жумакадырович деп тааныштырган ата учурда 70 жаштан ашканын айтты. Түп районундагы Долон айылында туулган. Бирок качан туулганын жана үй-бүлөсү, мурда иштеген жери тууралуу айткан жок. Өзүнүн айтымында, 1970-жылы Советтер союзунун коммунисттер партиясынын мүчөсү болгон. Каракол шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктын аксакалдар кеңешинин төрагасы, 2010-жылдан бери «Сагын Алай» кайрымдуулук фондун жетектеп келет. Бокс боюнча СССРдин «Спорт чебери» наамына талапкер болгон.

Алайчы ата үй-бүлөсү, балдары тууралуу суроолорго толук жооп берген жок. Жаш кезинде сүйүп баш кошкон жубайы менен соңку жылдары чогуу жашабай калганын, учурда жалгыз жашап жатканын билдирди. Бирок балдары менен катышып турат. Жубайы менен катташпайт, бирок аны катуу сүйгөнүн жашырган жок.

Алайчы ата 2010-жылы «Сагын Алай» кайрымдуулук фондун негиздеген. Бул маалыматты анын Долон айылындагы жердештери, Каракол шаарындагы №7 муниципалдык аймактык башкармалыктын аксакалдары дагы тастыкташты. Алардын айтымында, Алайчы ата жыл сайын балдар үйүнө, Долон айылындагы мектепке, ал жактагы мугалимге жана 2 окуучуга акчалай жардам көрсөтүп келет. Ошондой эле мугалимдердин эс алуусу үчүн 5 миң сом берип, жыл сайын октябрь айында карылар үчүн концерт уюштуруп берет. Ошондой эле №7 муниципалдык аймактык башкармалыктын аксакалдар кеңешинин төрагасы катары аксакалдарды майрамга карата куттуктап, туулган күндөрүн белгилеп турат. Кайрымдуулук иш-чараларына өзүнүн каражатынан жыл сайын 20-25 миң сом сарптайт.

«Ушул жер көрүстөн үчүн бөлүнүп берилгенде эң биринчилерден болуп атам Жумакадыр Сагынбаевдин сөөгү коюлган. Ошондон бери көрүстөнгө жыл сайын бак-дарактын көчөттөрүн тигип, аларды сугарып, жашылдандыруу иштери менен алектенип келем. Биринчиден, бул жерде жаткан боордоштордун арбактарын сыйласак, экинчиден кийинки муундарга тарбия беребиз», - дейт Алайчы Сагынбаев.

Ал Долон айылынын өнүгүүсү үчүн жана мектептин керектөөлөрүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырган. Учурда жүрөк, кургак учук оорулары менен жабыр тарткандарга жардам берүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×