Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.09.2019 14:50

Ош—Бишкек жолунда «Тойота» оодарылып кетти (сүрөт)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда унаа кырсык катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсык 9-сентябрда саат 09:00 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 507-чакырымында, тактап айтканда Кыпчак-Талаа айылында катталган.

«Тойота» үлгүсүндөгү унаа түз келе жатып эле, жолдун сол тарабына оодарылып кетти. Жолдун боюнда турган адамдар унааны тургузушту. Эч ким жабыркаган жок», - дешти күбөлөр.

Ал эми Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнөн кырсык боюнча маалымат түшпөгөнүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×