Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.09.2019 12:06

Кара-көлдүк ардагер балбандар республикалык турнирде байгелүү орундарды ээлешти

Turmush -  Кара-Көл шаарынын ардагер балбандары эркин күрөш боюнча өткөн республикалык турнирде алдыңкы орундарга ээ болушту. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Гүлмира Сатарова билдирди.

Маалым болгондой, турнир 5-6-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн. Анда 56-60 жаштагы балбандар күч сынашты.

70 кг салмактык категория боюнча мелдештин жыйынтыгында Абдылас Назарбеков 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды. Ал эми 62 кг салмактык категория боюнча мелдеште Дөөлөтбек Алымбаев 2-орунду багындырып, 2-даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды. Ошондой эле, 46-50 жаштагы балбандар арасында Ороз Байтиков 3-орунду ээлеп, 3-даражадагы диплом, медаль менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×