Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.09.2019 09:48 На русском

Жеңеке: Зийнагүл жеңе той бүткөндөн кийин жолдошу менен таанышкан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын 46 жаштагы тургуну Зийнагүл Мураева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал ушул эле райондун Бал-Терек айылында туулган.

«Жолдошум Артыкаали Мураев агам жашаган айылда турушчу. Мен жайында агама чөп жыйнаганга жардамдашканы келгем. Ошол жерден болочок жолдошум мени көрүп, жактырып калган экен. Анан көп өтпөй эле куда түшүп, мени алып келишкен. Ага чейин жолдошумду көргөн эмесмин. Үйүнө алып келгенден кийин той болду. Тойдо кызмат кылып, 3 күндөн кийин жолдошум менен таанышкам», - дейт З.Мураева.

Ал кызыктуу окуялар көп болгонун айтат.

«Мен келин болуп келгенден кийинки жылы кайын иним армияга кетти, ага үйдөгүлөр кат жазышат. Апам (кайын энеси), чоң энем айтып турушат, алардын айтканын мен кагазга жазып жөнөтөм. Кайын инимден кат келгенде үйдөгүлөрдүн баары тизилип отурушат, мен болсо катты окуп берем. Кайын иним өзү тамашакөй эле. Катты мен окуп бергенимди билгенденби, айтор катка үйдөгүлөрдүн баарынын атын атап жазып, абалын сурайт. Мен болсо ошол бойдон аттарын айтып, окуп берем же аттарын тергеп, өзгөртүп окуганды билбейм. Кайын журтту тергеш керек экенин кийин билдим», - дейт З.Мураева.

Ошондой эле: «Биз 2 уул, 3 кыздын ата-энеси болдук. Эми аларды окутуп, турмушта өз ордун табышына шарт түзүп берүү биздин максатыбыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×