Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 08.09.2019 15:10 На русском

Чаткалдагы Акназаров атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга бериле элек

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын август айында Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна иш сапары менен келгенде Чаткалдагы К.Акназаров атындагы мектебин курулушчулар 1-сентябрга тапшырарын айтышкан. Бирок жаңы окуу жылынын башталышында бул мектептин кызыл тасмасы кесилген жок. Бул тууралуу жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын Коргон-Сай айылындагы 100 орундуу Корчубек Акназаров атындагы мектебинин курулушу 2017-жылы башталган. Жалпы сметалык баасы 30 миллион сом болсо, тендерден «Дан-Эл-Строй» ЖЧКсы 19 миллион 165 миң сомго утуп алган. Буюртма берген Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы республикалык бюджеттен келген акчадан 20 миллион 263 миң сомду толугу менен компанияга которуп беришкен. Аталган башкармалыктын жетекчилиги тарабынан өкмөт башчыга 1-сентябрда бүтөрү айтылганы менен жаңы окуу жылынын башталышында имарат тапшырылбай калды.

«Мектептин алдына таман таш төшөө, имараттын айланасын тосуу жана эмеректер менен камсыз кылуу иштери аягына чыкпай калган. Мындан улам мектептин ачылыш аземи октябрь айынын башына жылдырылды. Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилиги 1-сентябрда бүтүшөрүн айтышкан болчу», - деп билдиришти жергиликтүүлөр.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Талант Исмаиловдун айтымында, азыркы тапта мектепте жумуштун 98 пайызы бүтүп калды.

«Мектепти куруп жаткан компания өкүлү менен бүгүн эле сүйлөштүм. Таман таштар төшөлүп бүтүптүр, он күн ичинде эмеректерди алып барып жайгаштырышса эле жумуш бүтөт. Өзүңөр билгендей, жакында Жалал-Абад шаарындагы эмерек цехтен өрт чыккан. Ошондо мектепке жасалып жаткан эмеректерге да зыяны тийип, эмеректерди алып баруу да кечеңдеген болчу. Алдыңкы он күн аралыгында эмеректер бүт ташылып барат», - деди ал.

К.Акназаров атындагы мектепте учурда 150 бала билим алат. Аталган мектептин имараты авариялык абалда деп табылгандыктан жаңы имарат курулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×