Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 08.09.2019 14:30

Ала-Букадагы Ажек мектебинин окуучулары кайрадан маданият үйүндө билим алышууда. Сүрөт

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Биринчи май айыл аймагынын Ажек орто мектебинин окуучулары кайрадан айылдык маданият үйүндө окуй башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ажек орто мектеби 3 корпустан туруп, анын бир корпусу таптакыр жараксыз абалга жеткен. Калган эки корпустун биринде 3, биринде 5 класстык бөлмөдө балдар билим алууда. Жалпы билим берүүчү мектепте 530 бала окугандыктан, андагы жайга батыруу мүмкүн эмес. Мындан улам 200 бала элеттиктердин маданият көтөрүү үчүн салынган айылдык маданият үйүндө билим алышууда. Ошондой эле эки чатыр тигилди, биринде балдарга тамак берилип жатса, экинчиси мугалимдердин бөлмөсүнө айланды.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, негизи Ажек мектеби атайын долбоор чийилип салынган эмес. Биринчи корпусу 1958-жылы чабандар жашай турган жай катары курулган. Калган окуу корпустары да чабандар жашаган үйдүн долбооруна ылайыкташып салынып калган. Бул жай мектепке айланган соң окуучулар көбөйгөн сайын 2-3төн бөлмө кошулуп чоңойтулуп эле билим берилип келе жатат. ӨКМ тарабынан эки жолу жараксыз абалга жеткендиги боюнча бүтүм чыгарылган. Ага карабастан имарат жетишсиздигинен билим берилип келет.

Бир корпусу окуучулар үчүн кооптуулук жаралып калгандыктан былтыр 200дөй окуучу алгач чатырга жайгаштырылып, андан соң маданият үйүндө билим алышкан. Быйыл да маданият үйү кайрадан утурумдук оңдоодон өтүп, балдарга шарт түзүлдү.

Биринчи май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаевдин айтымында, маданият үйүн курган компания менен сүйлөшүү жүрүп, алар быйыл утурумдук оңдоп-түзөөнү колго алып беришти. Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, аталган мектептин долбоору даярдалууда. Бул үчүн 100 миң сом бөлүнгөн, дагы кошумча каражат каралары күтүлүүдө.

Ажек айылындагы маданият үйү КРдин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында 12 миллион сом, райондун өнүктүрүү фондунан 1 млн сом, Биринчи май айыл аймагынан 700 миң сом бөлүнгөн. Эки кабаттуу имарат 220 орунга ылайыкталып, заманбап шартта курулган.

Биринчи май айыл аймагы Өзбекстан менен чектешип, 6 айылдан турат. 15 миңден ашуун калкы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×