Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.09.2019 14:50 На русском

Бишкек—Ош жолунда эки жол кырсык катталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек—Ош жолунда эки жол кырсык болгон. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, Бишкек—Ош жолунун Көк-Бел ашуусунда «Ипсум» менен «Тойота» унаалары кагышкан. Аймактык кабарчы бул маалыматты тактоо үчүн тиешелүү кызматтарга кайрылганда гана алар аталган окуя тууралуу кабардар болушкан. Тийиштүү кызматкерлер кырсык болгон жерге барганда автоунааларды жана айдоочуларды табышкан эмес. Бирок ага чейин тез жардам унаасы барганда Көк-Бел ашуусунда автоунаанын айдоочулары болгон.

Экинчи кырсык Бишкек—Ош жолунун 399-чакырымында катталган. «Вольво» үлгүсүндөгү унаа таңкы саат 04:00 чамасында кырсыктаган. Айрым маалыматтарга караганда, айдоочу жолдон уктап кеткен. Кара-Көл шаардык ооруканасынан маалымдашкандай, айдоочу кырсыктан жабыркаган эмес, абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×