Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.09.2019 19:01

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү облустук сынакта 2-орунду ээледи

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Кара-Көл шаарындагы мектептерде Билим күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жаңы окуу жылынын башталышында 567 окуучу 1-класска, 206 бала даярдоочу класска барды.

Иш-чарада Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү «Жылдын мыкты билим берүү бөлүмү» облустук сынагында 2-орунду ээлеп, 2-даражадагы диплом менен сыйланганы маалымдалды.

Ал эми М.Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектеби аталган сынакта 3-орунду алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×