Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 02.09.2019 17:30 На русском

Чаткалда жаңы ачылган бала бакчага тургундар 39 мал-жандык беришти. Сүрөт

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында 1-сентябрда «Жаш Тилек» бала бакчасы ачылды. Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге райондун акими Канжар Эшалиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышкан.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесине райондун өнүктүрүү фондунан жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен жалпы 8 миллион сом жумшалды. Бала бакчага керектүү эмеректерди алуу үчүн Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинен дагы каражат бөлүнгөн.

«50 орундуу бала бакчанын калган жумуштарын бүтүрүү үчүн марафон уюштурулуп, андан 125950 сом жыйналды. Ошондой эле айыл тургундары өз салымын кошуу максатында козу жана койлорун жетелей келишкен. Жашоочулар тарабынан жалпы 39 козу жана улак түштү», - деп билдиришти айыл аймактан.

Ак-Таш айылы облустун борборунан 350, райондун борборунан 45 чакырым алыста, Өзбекстан менен чектеш жерде жайгашкан. Райондо жалпы 21 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×