Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.09.2019 11:03 На русском

Ала-Букада 51 млн сомго курулган жаңы мектеп ишке берилди (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Падек айылында 1-сентябрда Т.Жоробеков атындагы орто мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, райондун акими Э.Абдыкадыров, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

275 орундуу жаңы мектеп керектүү эмеректер, жабдуулар менен камсыздалып, окуучуларга тиешелүү шарттар түзүлгөн. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 51 млн сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×