Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.09.2019 09:27

Ала-Буканын Өрүктү-Сай айылында 44,6 млн сомго курулган мектеп ачылды (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылында Ж.Бешимов атындагы орто мектептин курулушу аяктап, 1-сентябрда пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, аким Э.Абдыкадыров, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары катышты.

150 орундуу мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, спорт зал, ашкана жылытуу системасына туташтырылган. Жаңы мектеп керектүү эмеректер, жабдуулар жана мектеп парталары менен камсыздалган.

Мектептин курулушу 2016-жылы башталып, толугу менен республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 44,6 млн сом жумшалган. Буга чейинки мектеп авариялык абалда болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×