Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.09.2019 18:30

«Ынтымак кербени» Кара-Көл шаарында болду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарына Чүй облусунан атайын делегация келди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Чүй облусундагы аксакалдар, энелер менен жаштардан куралган делегацияны шаардын мэри Ильяз Еркеев тосуп алды. Жолугушууда мэр «Ынтымак кербени» иш-чарасынын максаты аймактар арасындагы бөлүнүп-жарылууну токтотуу жана ынтымакты бекемдөө экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Чүй облусунан келген делегацияга Кара-Көл — энергетиктердин шаары экенин айтып, Токтогул ГЭСи тууралуу дагы маалымат берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×