Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 31.08.2019 14:12

Кара-Көл шаарында Эгемендүүлүк майрамында бир нече адамдар сыйланды

Turmush -  Кара-Көл шаарында эгемендүүлүктүн 28 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Иш-чарага шаар мэри Ильяз Еркеев баш болгон чиновниктер жана жергиликтүү тургундар катышып, президенттин куттуктоосу окулду. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата жана 3 айлык ишембиликтин жыйынтыгы менен «Мыкты ишкана», «Мыкты уюштуруучу» номинациялары менен шаардагы мекеме-ишканалардын 28 кызматкери сыйланды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси менен экс-мэр Р.Абытканова, аталган агенттиктин ардак грамотасы менен шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Б.Маматаева, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн грамотасы менен шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Ш.Бекешова сыйланды.

«Энергетик» сейил багында өтүп жаткан саамалык концерттик программа жана оюн-зооктор, спорттук мелдештер менен коштолууда. Спорт оюндарына жергиликтүү бюджеттен 10 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×