Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.08.2019 11:58 На русском

Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы балага бычак сайылып, ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 30-августта Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы балага бычак сайылды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя шаардагы «Каныкей» соода борборунун жанында болгон. Жалал-Абад шаарындагы 2006-жылы туулган А.А. аттуу тургундун көкүрөгүнүн сол тарабына 18-20 жаштар чамасындагы бала бычак сайып жиберген. Жабырлануучу облустук ооруканага жеткирилген. Бул факт ээнбаштык катары катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми оорукананын маалыматына караганда, жабырлануучу А.А. ооруканага саат 18:00 чамасында жеткирилген. Ал балдар хирургиясы бөлүмүнө жаткырылды.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, чатак классташтардын ортосунда чыккан. Чырдашуу учурунда алардын бирөөсү бычак шилтеп жиберген. Өспүрүмдөр Спутник кичи районундагы мектептин окуучулары экени айтылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×