Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.08.2019 17:45 На русском

«Уулум кесилип кетти»: Дыйкан А.Дарманов жактоочу акча алган соң, иштен баш тартканына нааразы

абдрасул дарманов
абдрасул дарманов

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын тургуну Абдрасул Дарманов жактоочу Турат Сулаймановдун ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип, бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу ал АКИпресс-Жалал-Абад маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Турат Сулайманов анын уулун сотто коргойм деп акча алып, 2 айдан соң иштен баш тарткан. Ал жактоочу андан 220 миң сом талап кылып жатканын айтат.

Ушул жылдын 6-августунда Сузак райондук соту жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, аны 165 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирген. Бул өкүмгө нааразы болуп, алар облустук сотко апелляциялык даттануу келтиришкен.

«2017-жылы уулум ишкерди атты деп шектелген адамга кошулуп, унаа башкарып жүргөнү үчүн кылмышка шериктеш катары кармалды. Алар кармалганда Т.Сулайманов «мен силерди коргоп берем» деп аларга сөз берген экен. Мени кеңсесине чакырды. Баламды коргоого, ага карата жазасын жеңилдетүүгө көмөктөшөрүн айтып, 10 миң доллар сурады. Мен «өмүрүмдө андай акчаны көргөн эмесмин, дыйкан болсом кайдан табам?» деп кеттим. Үйдөн жакындарым менен кеңешип, тууган-уруктан, тааныштардан айткан сумманы жыйнадым.

7-февралда 100 миң сом алып келсем, толук берилиши керектигин айтты. «Документ бересиңби?» десем бир келишимди карматты. 2-мартта калган акчаны жыйнап алып келип, 290 миң сомду бердим. Келишим түзүлдү деген кагазды берди. Эки айдан кийин «мен жактоочу болбойм, уулуңузду коргобойм» деп баш тартып, эки айга кызмат акысы үчүн 70 миң сом алып, 220 миң сомду кайтарып берди. Анан мени «220 миң сом алдым» деп жазып бериңиз деди, мен тил кат жазып чыгып кеттим. Анын 70 миң сом алып койгонуна нааразы болдум. Алган тыйынына жараша көмөктөшпөгөнүнө ачуум келди. Ал ишкерди атты деп шектелген жигитке жактоочу болду. Менин баламдын ишине А.Козубаев деген жактоочу катышты. Уулум 13 жылга камалып кетти», - дейт Абдрасул Дарманов.

Ал сот ишине дагы нааразы болгондуктан Президенттин аппаратына, жактоочулар кеңешине кат жолдогон. Ага Башкы прокуратурага жөнөнтүлгөн кат боюнча жооп келгенине ыраазы. Бирок иш аягына чыкпай, жабылып калганына нааразы экенин айтат. Башкы прокуратура ишти кароону облуска жөнөтүлгөн, ал жактан иш шаардын прокурору Мурзаевге өткөрүлгөн, андан кийин Жалал-Абад ШИИБге жиберилген. Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында иштин курамында эч кандай кылмыштуулук жок деген негизде кыскартылган.

Ошондой эле ал өлкө башчыга кайрылып, бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарууну көзөмөлдөөнү өтүндү.

Ал эми ысымы аталган жактоочу мыйзам чегинде иш жүргүзүп келе жатканын, Абдрасул Дарманов менен мыйзам талаасында чечишип аларын, соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин билдирүү жасоо анын кесиптик ишмердүүлүгүнө туура келбей турганын айтып, окуя боюнча пикир берүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×