Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.08.2019 13:13

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнү 900дөн ашуун милиционер кызмат өтөйт (сүрөт)

Turmush -  Эртең, 31-августта саат 08:00дө Эгемендүүлүктүн 28 жылдык мааракесин утурлай Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында гарнизондук развод ѳтөт, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

Иш-чарага ОИИБдин борбордук аппараты, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ѳзүнчѳ ротасы, ОИИБдин кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасы, ИИМдин Ички аскерлеринин №704 аскер бөлүгү, ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Жалал-Абад ШИИБ жана шаардык атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышат. Мындан сырткары жогорудагы кызматтарга тиешелүү болгон атайын техникалар пайдаланылат.

«Эгемендүүлүк күнүндө облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы 900дөн ашуун милиция кызматкери жана №704 ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери кызмат ѳтѳшѳт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×