Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.08.2019 16:31

Кара-Көлдө курулушта иштеп жаткан өзбек жараны 2-кабаттан кулап каза болду

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында курулушта иштеп жаткан 23 жаштагы өзбек жараны каза болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Бишкек—Ош жолунун жээгинде жайгашкан «Жибек-Жолу» кафесинин курулушунда иштеп жаткан жигит 2-кабаттан кулап кеткен. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташып, кырсык 3-августта саат 21:00 чамасында болгонун билдиришти.

«Кара-Көл шаарынын Масиров көчөсүндө жайгашкан «Жибек-Жолу» кафесинин курулушунда иштеп жаткан Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун 1996-жылы туулган тургуну 2-кабаттан кулап кетип, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Эртеси, 4-августта саат 08:30 чамасында эс-учуна келбей каза болгон. Маркумдун бир тууган агасы арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты», - деп билдиришти ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×