Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.08.2019 10:46

Кылым карыткан имарат: Аксыда 1 кылым мурда курулган чиркөө (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айылында 1 кылым мурда курулган чиркөө сакталып турат.

Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, чиркөөнү 1889-жылы Луганск шаарынан келген архитектор курган. Имарат алгач мектеп катары пайдаланылып, кийин сыйынуучу жай болгон. Имарат тургузулгандан кийин 1900-жылдары майда жаңжалдан улам анын айрым жерлери бузулган. Учурда тарыхый жай катары сакталып турган чиркөөнүн 2 корпусу бар. Бул имараттардын айрым бөлүктөрү бузула баштаган.

Жашоочулардын айтымында, жыл сайын Орусиядан келген жарандар айланасын тазалап, ишембилик өткөрүшөт. Чиркөөнүн имараты бышкан кыштан курулган. Анын дубалынын калыңдыгы 40-50 сантиметрге жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×