Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.08.2019 18:30

Жалал-Абадда түрмөнүн аймагынан өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 26-августта саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинин аймагындагы наабайканадан өрт чыгып, мекемеге тийиштүү болгон азык-түлүктөр күйүп кетти. Бул тууралуу мекемеге жакын жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары билдиришти.

Бүгүн облустагы билим берүү тармагынын абалын талкуулаган коллегияда билим берүүчү мекемелерде өрт коопсуздугун алдын алуу маселеси каралган. Анда түзөтүү мекемесинен өрт чыкканы айтылды.

Жашоочулардын айтымында, өрт чыккан наабайканада түзөтүү мекемесиндеги жарандар үчүн нан бышырылат.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Жалал-Абад шаарындагы наабайканадан өрт чыкканын маалымдаган. Өрттүн кесепетинен 23 тонна ун, 261 кг ачыткыч, 200 кг туз, 85 кг кесме, 80 литр тамак-аш майы, камыр жууручу, кесме чыгаруучу станоктор да күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×