Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 27.08.2019 13:52

Аксыда 1,5 тонна кара куурай жок кылынды (сүрөт)

Turmush -  Республикалык деңгээлде жарыяланган баңгизатка каршы «Мак-2019» операциясынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймагында өскөн жапайы өсүмдүктөр жок кылынууда.

ОИИБдин маалыматына караганда, Аксы РИИБ тарабынан бул операциянын 2-этабы өткөрүлүп, 2 гектардай аймактан 1,3 тоннадан ашуун кара куурай орулуп, өрттөлдү. Район аймагы беш бөлүккө бөлүнүп, ар бир аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары активдүү катышты.

Ушул эле иш-чаранын алкагында Майлуу-Суу ШИИБ тарабынан 1 гектарга чукул аянтта өскөн жапайы кара куурай жок кылынды. Мындан сырткары эл көп чогулган жерлерде баңгизаттын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин Тогуз-Торо, Токтогул, Ала-Бука, Аксы жана Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан 33 гектар аянттагы 18,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×