Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.08.2019 13:31 На русском

Кара-Көлдө эки адамдын мушташы 79 жаштагы карыянын өлүмү менен аяктады

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында эки адамдын мушташы учурунда 79 жаштагы карыя каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, шаардын 2 тургуну мушташып жатып, бири экинчисин таш менен урган. Ал таш ары жакта отурган аксакалдын башына тийип, жаракат алган адам шаардык ооруканага жеткирилген.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден бул маалыматты тастыкташып, окуя 26-августта саат 17:30 чамасында Ленин көчөсүндөгү аялдаманын жанында болгонун билдиришти.

«25-40 жаштагы эки адам урушуп жатып, бири-бирине таш ыргытышкан. Ошол учурда ал жерде отурган 1940-жылы туулган Т.Ж. аттуу аксакалдын башына кокусунан таш тийген. Ал оор жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок өзүнө келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча милицияга арыз түшүп, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине ден соолукка оор зыян келтирүү деп катталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Шектүү эки адамдын өздүгү аныкталып, бири кармалды. Экинчисин кармоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат», - деп билдиришти ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×