Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 26.08.2019 16:16

Ала-Букада 3,1 млн сомго курулган суу топтоочу скважина ишке берилди (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Ак-Булак участкасында 135 гектар жайыт жерди сугаруу максатында суу топтоочу скважина пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, скважинанын жалпы суммасы 3 млн 187 миң сомду түздү. Анын 2 млн 562 миң сому АРИС программасынын мал чарбасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында бөлүнсө, жергиликтүү бюджеттен 625 миң сом жумшалды.

Аны пайдаланууга берүү аземине ЖК депутаты А.Турсунбаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

«Бийлик өкүлдөрү жайыт инфраструктурасын өнүктүрүү учурдун талабы экендигине токтолуп, туура пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Скважинадан чыккан суу жергиликтүү элдин сууга болгон муктаждыгын азайтууга өбөлгө болот. Чыккан сууну ичүү үчүн пайдаланууга болору айтылып, учурда лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×