Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.08.2019 10:41 На русском

Кара-Көлдө кош бойлуу келинди унаа уруп кетип, ооруканада көз жумду. Видео

рейд, ночь, авария
рейд, ночь, авария

Turmush -  Кечээ, 23-августта Кара-Көл шаарындагы унаа кырсыктан кош бойлуу келин каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 12:00 чамасында болгон. Жубайлар шаардагы кафелердин биринен чыгып, кетүүгө даярданып жолдун жээгиндеги тротуарда турушкан. Ошол учурда кош бойлуу келинди «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа уруп кеткен. Ал ооруканага жеткирилип, ичиндеги баланы аман алып калуу үчүн операция жасашкан. Бирок баланы апасынын курсагынан алып чыккандан кийин каза болуп калган. Келинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу мас болгон. Аны экинчи тарап сабай турган болуп калган учурда милиция кызматкерлери чакырылган. Келин 8 айлык кош бойлуу болгондугу айтылууда. Анын артында 3 жашар баласы калды.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалыматты тастыктап, кырсык түнкү саат 12:30 чамасында шаардын Серый көчөсүндө болгондугун кабарлады.

Маалым болгондой, Кара-Көл шаарынын 1999-жылы туулган тургуну К.Т. «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, башкарууга ээ боло албай калып жол четинде турган жаш келинди сүзгөн. Келин Кара-Көл шаарынын 1995-жылы туулган тургуну М.Б. экендиги такталды. Ал кырсыктан кийин шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок эсине келбей өзү да, курсактагы баласы да көз жумду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×