Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 23.08.2019 11:19 На русском

Сүрөт — Кочкор-Атада борбордук базардан өрт чыгып, күркөлөр күйүп кетти

Turmush -  Кочкор-Ата шаарындагы борбордук базардан өрт чыгып, 2 дүкөн жана азык-түлүк даярдап сатчу жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен базардын 56 чарчы метри өрттөнгөн.

«23-авгуска караган түнү саат 02:30 чамасында Ноокен райондук өрткө каршы бөлүмүнө борбордук базардагы күркөлөр күйүп жатканы маалымдалган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр саат 02:54тө келишкен. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 03:58де өрт чектөөгө алынып, саат 04:32де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен азык-түлүк сатуучу 2 дүкөн, гриль бышырып сатуучу 1 жай, кароолкананын ичиндеги товарлар, мүлктөр күйүп, дубалдары гана калган. Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат», - деди ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов.

Буга чейин 21-августка караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан өрт чыгып, болжол менен 2 миң 400 чарчы метр аянт күйүп кеткенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×