Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.08.2019 16:29 На русском

Видео — Миллиондогон товары күйүп кеткен соодагерлердин күйүтү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында товарлары күйүп кеткен ишкерлер электр жарыгы убагында өчпөгөнү да өрттүн күчөшүнө себеп болгонун, базардын кароолчулары өз учурунда аракет көрбөгөнүн айтып, нааразы болушууда. Кээ бири өрт өчүрүүчүлөрдүн ишине ыраазы эмес экенин айтышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 21-августка караган түнү чыккан өрттөн товарлары күлгө айланган соодагерлер менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана шаардык бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, алардын үнүн угушту. Анда миллиондогон акчага бааланган товарлары күйгөнүн айткан соодагерлер өз жайлары тазалангыча Ж.Бакиев көчөсүндө соода кылууга уруксат сурашты. Алар негизинен мектеп формаларын, окуу куралдарын сатышканын, соода эми гана кызып баштаганын айтууда.

«Жаңы окуу жылына карата соодабызды жүргүзүп алалы, бийлик өкүлдөрү ушул маселеге жардам бергиле. Бизге 10 күнгө Ж.Бакиев көчөсүндө соода кылууга уруксат берип тургула, андан кийинки аракеттин бизге кереги жок болуп калат. Сезон мезгилинде иштеп алалы. Насыябыз бар, аларды жеңилдетип берүүгө жардам бериңиздер», - дешти соодагерлер бийлик өкүлдөрүнө кайрылып.

Облус жетекчиси соодагерлерге шарт түзүү үчүн тийиштүү тараптарга тапшырма берилгенин, биргеликте иш жүрүп жатканын айтты. Ишкерлерди дагы шаар бийлигин, тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүн угуп, соода кылуу үчүн белгиленген сызыктан ашпоого чакырды.

«Жаз айындагы рейдден улам базарга суу алуучу 3 гидрант орнотулган. Бул иштин натыйжасында базардын башка аянттары сакталып калды, түндө баары колдорунан келишинче иштешти. Силерге шарт түзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Силер дагы товарды жолдун ортосуна чейин жайып албагыла», - деди ал.

Айрым соодагерлер жолго чейин чыгып алышканын, тийиштүү тараптардын пикирин укпай келишкенин мойнуна алышты.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Болот Узакбаевдин айтымында, учурда соодагерлерди Ж.Бакиев атындагы көчөгө убактылуу жайгаштырып туруу маселеси каралууда. Бирок бир чечимге келише элек.

Мамэкотехинспекциянын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиевдин айтымында, буга чейин базардагы ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 2 жылга чейин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган мораторий киргизилгендиктен базарларды толук текшерүүгө алышкан эмес.

«Ушул жылдын 18-мартында өрт өчүрүүчүлөр менен биргеликте окууларды уюштурганбыз. Соода менен алектенген ишкерлерге айтылбай уюштурулгандыктан базардагы бир топ көйгөйлөр ачыкталган. Көчөлөрдү кеңейтүү керектигин, соода түйүндөрүн иретке келтирүү зарылдыгын тийиштүү тараптарга билдирип, ишкерлерге эскерткенбиз. Март айынын аягында биздин инспекциянын буйругуна ылайык, мэрияга караган муниципалдык базарларды текшерүүгө алып, биздин көрсөтмөнүн негизинде электр чубалгылары иретке келтирилген. Жеке ишкерлерди текшере албагандыктан аларга оозеки түрдө айтып кеткенбиз.

Жакында эле «Бай-Эл» базарында дагы өрт чыккандан кийин, шаардагы базарларды текшерип чыгуу боюнча Экономика министрлигинин облустагы бөлүмүнө кат жолдогонбуз. Биз алардын уруксаты жок ишкердик субъектилерди текшере албайбыз. Булар дагы мораторий бар экенин айтышып, уруксат беришкен эмес», - деди ал.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы алардын кызматкерлери өз учурунда жумуштарын жасашканын, аларга өрт алоолонгондо гана кабар түшкөнүн билдиришти.

«Биздин кызматкерлер өрт каптаган жайдын абалын көрүп, анан өз жумуштарын башташкан. Бардык кызматтарга маалымат жеткирилген. 5 өрт өчүрүүчү унаа, 35ке жакын кызматкер тартылды. Андан сырткары шаардык жарандык коргонуу кызматтары жардамга келишти. Бүгүн биздин эксперттер тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. ӨКМден адистер бүгүн келишет, алар өрттүн себептерин аныкташат. Жарандык коргонуу кызмат келтирилген чыгымды аныктап беришет», - деп маалымдашты.

Жалал-Абад шаардык электр тармактар ишканасынан электр жарыгы убагында өчүрүлгөнүн билдиришти.

«Бизге түнкү саат 12:49да базардагы өрт боюнча маалымат келип түшкөн. Ошол замат биздин күзөттө турган ыкчам бригада өрт болгон жерге барышкан. Базардын ар кайсыл жеринде жайгашкан 3 трансформатордон электр жарыгын өчүрүшүп, саат 01:01де базардагы бардык электр жарыгы өчүрүлгөн», - деп билдиришти.

Ал эми ишкерлер өрт ашканалардын биринен чыкканын айтууда. Бийлик өкүлдөрү болсо экспертизанын жыйынтыгы чыкканда гана себебин айтышарын билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөсүндөгү борбордук базардан чыккан өрттүн кесепетинен болжол менен 2 миң 400 чарчы метр аянт күйүп кеткенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Аймактык кабарчы жеринен билдиргендей, базардын 4 катары күйгөн. Негизинен косметика, кийим-кече сатылган соода түйүндөр өрттөнгөн. Алардын ичинде 3 ашкана да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×