Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.08.2019 17:19

Ала-Букада «Кайырчы» рейди өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан «Кайырчы» аталышындагы 3 күндүк профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо борбору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү дагы катышты.

Алар менен биргеликте райондун аймагындагы базарлар, интернет клубдары текшерүүгө алынып, өспүрүм балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары жолдо жүрүүдө жана сууга түшүүдө сак болууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×