Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.08.2019 12:46 На русском

Ишкер аялдан пара талап кылууга шектелип башкы бухгалтер кармалды. Айыл өкмөт башчы эмне дейт?

Turmush -  Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери мурда тендерди уткан ишкер аялдан опузалап акча талап кылууга шектелүүдө. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча район аралык бөлүмүнө арыз менен Ч.А. аттуу ишкер аял кайрылган. Ал мурда утуп алган тендер үчүн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери 70 миң сомдон ашык каражат талап кылып жаткандыгын билдирген.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси менен (опузалап пара талап кылуу) катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө башкы бухгалтер өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, ишкер аялдан курулуш материалдарын жеткирүү боюнча тендер үчүн 74 миң сом көлөмдөгү каражатты опузалап талап кылганы аныкталган.

Атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 14-августта башкы бухгалтер 40 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Булактардын маалыматына караганда, шектүү үй камагына чыгарылган.

Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери тендер үчүн талап кылган делген 74 миң сом 6 бала бакчанын оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча болгондугун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Сатыкулов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн бюджетинен 6 бала бакча үчүн 74 миң сом акча каражаты бөлүнүп, аларды оңдоп-түзөө үчүн тендер жарыяланган.

«Жеке ишкер менен башкы эсепчибиздин ортосунда кандай сүйлөшүү болгону тууралуу менин толук кабарым жок. Тендер боюнча атайын комиссия бар, ошолор ишти карайт. Биз тендерге аралаша албайбыз. Бирок айтып кете турчу пикирим, башкы эсепчи андай чоң суммадагы каражатты жеке өзүнө ала албайт. Тендердик комиссия курамы көзөмөлгө алат», - деп билдирди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×