Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 16.08.2019 19:10

Жалал-Абадда дыйкандарга өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Turmush -  ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү бүтө элек аймактарда өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-августта жогорудагыдай иш-чара Тогуз-Торо районунда жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнө катышкан айыл чарба техникалардын ээлерине, дыйкандарга өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда облустун аймагында 1893 гектар жерде жыйналуучу кылкандуу дан эгиндер калды. Өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан, ушул кезге чейин Жалал-Абад облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндер аянттарында 3 жолу өрт кырсыгы катталып, анын кеспетинен 0,92 гектардагы орула элек кылкандуу дан эгиндери жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×