Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 16.08.2019 13:30

Таш-Көмүрдө мектепке чейинки мекемеде өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү

Turmush -  ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмү тарабынан 15-август күнү №14 «Үмүт» бала бакчасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгуу шаардык билим берүү башкармалыгы менен 2019-жылга карата мектептерде, бала бакчаларда өрттү алдын алуу боюнча макулдашылган планга ылайык уюштурулду.

Анын жүрүшүндө бала бакчанын кызматкерлерине, тарбиялануучуларына өрт же өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер, мекемедеги өрт коопсуздук чаралары, жаш балдардын от менен ойногонунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана өрт өчүрүүнүн ыкмалары үйрөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×