Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.08.2019 10:34

Кара-Көл шаарында 2 унаа кагышып, 2 адам жаракат алды

город Кара-Куль
город Кара-Куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында оор жүк ташуучу «Фура» менен «Мерседес Спринтер» унаасы кагышып, 2 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 362-чакырымында (Көк-Бел ашуусу) катталды. Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган М.Э. жана 2004-жылы туулган М.Р. жеңил жаракат алышкан. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу барып, жабыркагандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×