Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 15.08.2019 15:09 На русском

Сузактагы окуучулар кылым мурун курулган «Дүйшөндүн мектебинде» окушат. Сүрөт

Turmush -  Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Кокон айылындагы №52 Т.Арзыкулова атындагы орто мектеп 8 жыл мурун ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылган.

Мектептин директору Максуда Көчөрованын айтымында, имарат 111 жыл мурун курулган.

«Имарат 1908-жылы курулган экен. 1956-жылдан тарта мектеп катары пайдаланылып калган. Жамгыр жааган учурда чатырдан суу тамчылап, "Дүйшөндүн мектебиндей" эле болуп калат. Ал эми окуу корпусунун имараттары дагы 1956-жылы курулган. 2001-жылы эски чатыры алмашылган, андан бери шиферинин айрым жерлери сынып, жаан-чачын болгон күндөрү тамчы агат. Ошондой эле жер титирегенде дубалдардан жарака кеткен. 2011-жылы ӨКМ тарабынан текшерилип, авариялык абалда деген корутунду чыгарылган», - дейт директор.

Анын айтымында, алар жаңы мектеп куруу маселеси боюнча тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылышкан.

«Жаңы мектептин имаратын куруу үчүн көп жерге кайрылдык. 2017-жылы 195 орундуу мектептин долбоорун көрсөтүп, мамлекеттен 5 млн сом акча каражаты бөлүнөрү айтылган. Кийинчерээк ал каражат коңшу айылдагы мектептин курулушуна которулганын билдик. Ошондон бери кайрылбаган жерибиз калган жок», - дейт ал.

Ошондой эле ал мектеп 2016-жылы тиешелүү тараптар тарабынан жабылганын айтты.

«Мектеп абдан эски, тар жана караңгы, жылытуу системасы орнотулган эмес. Кышында мешке от жагылат. 2016-жылы мектепти тиешелүү тараптар жаап салып, окуучулар 7-8 чакырым алыс жайгашкан коңшу айылдагы мектепке барып жатышкан. Бирок жолдун алыстыгынан улам билим берүүнү кайра өзүбүздүн мектепте уланттык. Мектепте окуучулардын саны өсүп жатат. Учурда 424 окуучу бар. Быйыл 57 окуучу 1-класска кабыл алынат. Эми балдар 3 кезмет менен окушат», - деди М.Көчөрова.

Кыргыз жана орус тилинде билим берген №52 Т.Арзыкулова атындагы жалпы билим берүү мектебинде быйыл 11-классты 14, ал эми 9-классты 27 окуучу аяктаган.

Эскилиги жеткен мектептин имаратын оңдоого быйыл мамлекеттен 35 миң 385 сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×