Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 13.08.2019 17:53 На русском

Эски мектеп жана 6 жылдан бери бүтпөгөн курулуш: Сары-Булуңдагы окуучулар быйыл кайда барып окушат?

Turmush -  Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айылындагы 60 жыл мурун түптөлгөн Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин имараты 2019-жылдын июнь айында ӨКМ тарабынан толугу менен жараксыз деп табылып, жабылган. Ал эми 2013-жылдан бери курулуп жаткан эки кабаттуу мектептин 90 пайызы гана бүткөрүлүп, быйыл бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Андан улам курулуш иштери токтоп калган.

Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектеби 1958-жылы курулган. 2012-жылы урап баштаганда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жараксыз абалда деп аныктама чыгарылган. Ошонун натыйжасында 2013-жылы эки кабаттан турган 225 орундуу мектеп 53 миллион 700 миң сомдук каражатка салынып баштаган. Каражат республикалык бюджеттен каралган.

«Буга чейин 2007-жылы ӨКМдин райондогу башкармалыгынан, 2012-жылы министрликтен адистер келип, жараксыз дешкен. 2013-жылы 53 миллион 700 миң сомдук эки кабаттуу чоң мектеп курулуп баштаган. Ушул мезгилге чейин эски мектептин коркунучтуу болгонуна карабай окуп келгенбиз. 2019-жылдын 12-июнунда ӨКМдин облустагы өкүлдөрү мектепти кайра текшеришип, толугу менен жараксыз, кооптуу, окуганга болбойт деп аныктама берип, жаап кетишти.

Бүгүнкү күндө жаңы мектептин курулушуна бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүктөн курулуш иштери токтоп турат. Быйылкы окуу жылында каякка барып окуйбуз? Белгисиз... 220 окуучубуз жана 27 мугалим бар.

Эски мектепти жылда оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турчубуз. Жаан жааганда ичине суу кирип, дубалдар урап түшөт. Ал мектептин 4 бөлмөсү өтө кооптуу болгондуктан аларды эки жыл мурун бекитип койгонбуз. Кышкысын электр жылыткыч менен, андан сырткары мешке от жагып жылытып келгенбиз. Эгер бул жылы жаңы мектеп ачылбаса, анда 4 кезмет менен окуйбуз», - дейт мектептин директору Венера Эпээва.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×