Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.08.2019 16:31

Тагдыр: Ала-букалык Турдукан баспаганына карабай, кирешелүү бизнес түптөдү

Turmush -  Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну Турдукан Майрамбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай чакан тигүүчү цех иштетип, айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылды. Элеттик кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 13 жашында оорудан улам баспай калган.

«Мектепте 7-класста окуп жүргөндө жазында сасык тумоо менен ооруп калдым. Май айы болгондуктан майрамдарга байланыштуу ооруканалар иштебей, айылдагы дарыгер эженин үйүнө барып, ийне сайдырып жүрдүм. Ошентип үчүнчү күнү ийне сайдырып, үйгө келе жатканда бутум уктап калгандай сезилди. Ага маани бербей, ийне сайдыргандан кийин жылуу жатыш керек деп, 2 сааттай уктадым. Уйкудан ойгонсом эле бутум менен колум иштебей калыптыр. Ошол күн такыр эсимден кетпейт. Ошентип атам мени доктур, табыптырга көрсөтүп жүрүп, бир жыл өткөңдөн кийин колум жанданды. Бирок баса албай калдым», - дейт Т.Майрамбекова.

Анын айтымында, ал бош отурганда тигүүчүлүктү үйрөнгөн.

«Азыр майып арабада отурсам дагы колума кайчы, ийне, жип кармап, тигүүчүлүктү үйрөндүм. Башында ата-энеме, бир туугандарыма кийимдерди тигип жүрчүмүн. Кийинчерек өкмөттүк эмес уюмдарга долбоор жазып, тигүүчү машина жана башка жабдууларды алдым. Азыр айылда жашаган 3 кызды жумушка алып, чогуу иштеп жатабыз. Алар менен кыздардын себин, улуттук кийимдерди жана чыптамаларды тигип, аларды Бишкек шаарына жана Орусияга жөнөтөбүз. Мындай улуттук кийимдерге чет өлкөлүк туристтер дагы кызыгышат.

Мисалы, өткөн жылы Сафед-Буланга келген АКШлык туристтер биз тиккен кийимдерди көрүп, буйрутма беришти. Биз тиккен чапандарды кийип кетишти», - дейт ал.

Ишкер айым учурда чакан ишканасын кеңейтүүнү пландап жатканын айтат.

«Биз тиккен төшөк, жууркан, жөлөнгүчтөр Ала-Буканын айылдарына сатылды. Ошондой эле чет элдик туристтер дагы алып жатат. Бир айда орто эсеп менен 50-60 миң сом киреше табабыз, аны кыздардын айлыгына, керектүү материалдарга жумшайм. Эми долбоор жазып чакан цехти кеңейтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×