Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.08.2019 14:34

Базар-Коргондун Кайырма айылында биринчи жолу бала бакча курулуп жатат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында бала бакчанын курулушу жанданды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу 4 жыл мурда башталып, каражаттын жоктугунан улам курулушу токтоп калган. Эми республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, курулушу жанданды.

100 орундуу бала бакчаны ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кайырма айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Эми курулуш аяктаса, алар балдарын бала бакчага беришет жана жумуш орундары дагы түзүлөт.

Акман айыл аймагында 2 бала бакча бар. Анда жалпы 250гө жакын бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×