Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.08.2019 18:38

Жалал-Абадда өрт өчүрүүчү унаага жол бербеген айдоочулар айыпка жыгылды. Видео

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ОИИБдин ЖККК бөлүмү менен ӨКМдин алдындагы өрт өчүрүү кызматы «Маяк» рейдин уюштурду. Бул тууралуу ЖККК бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унаага жол бербеген айдоочуларга айып пул салынды.

«Буга чейин өрт өчүрүү кызматынан бизге кайрылуу болуп, алар өрт кырсыгы катталган жерге бара жатканда айдоочулар жол бербегенин билдиришкен. Мындан улам рейд уюштурдук. Анын жүрүшүндө өрт өчүрүү кызматына жол бербеген 20дан ашык айдоочуларга эскертүү берилди. Мындан сырткары 3 айдоочуга 10 миң сомдун тегерегинде айып пул салынды», - деди инспектор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×