Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.08.2019 12:47

Кара-Көлдүн аксакалдары Кой-Таштагы абал боюнча жаштарга кайрылышты

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Кара-Көл шаарынын аксакалдары чогулуп, элди биримдикке чакырышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алар кечээ Кой-Таштагы окуяга байланыштуу жаштар чагымчылдыкка алдырбашы керектигин айтышты.

«Жаштардан үчүнчү күчтөргө, чагымчылдык багыттагы иш-аракеттерге, социалдык тармактардагы үгүттөөлөргө азгырылбоону өтүнөбүз. Бизге үчүнчү революциянын кереги жок, кыргыз эли биримдикте бололу», - дешти алар.

Аксакалдар Кой-Ташта каза болгон УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына көңүл айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×